Сауд Арабиясы: Дүйнөдө мынчалык узак энергетикалык кризис болгон эмес
Сауд Арабиясынын энергетика министри дүйнөдөгү азыркы энергетикалык кризисти тарыхтагы эң узакка созулган кризис деп атады.
Маалыматка ылайык, ханзаада Абдель Азиз бин Салман бул тууралуу Эр-Рияд шаарында өткөн Дүйнөлүк мунай конгрессинде сүйлөп жатып билдирген.
Анын айтымында, энергетикалык коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөр дайыма жаралышы мүмкүн. Ошондуктан өлкөлөр мындай кырдаалдарга алдын ала даярданып, ар кандай сценарийлерди иштеп чыгышы керек.
Министрдин белгилешинче, учурда Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу кырдаалдын эң начар сценарийин эске алуу менен иш алып барууда.
Ошондой эле ал марттан августка чейин энергетика рыногунун катышуучулары кризистин кесепеттерин жеңилдетүү жолдорун издөөдө кыйынчылыктарга туш болгонун айтты. Сауд Арабиясы кырдаалды жөнгө салып, продукциясын экспорттоону улантууга жетишкенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















