Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
Сапарды камсыздандыруу: чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу эмне үчүн керек жана аны бир нече мүнөттө кантип тариздөөгө болот?
Сапарга чыгарда биз мейманканаларды брондоого, билеттерди сатып алууга жана маршруттарды түзүүгө көнүп калганбыз. Бирок чет өлкөдө дарыгерге жөнөкөй эле кайрылуу же каттамдын кечиктирилиши да олуттуу чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Мындай тобокелдиктерди алдын ала эске алууга чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу полиси жардам берет. Эми аны түз эле MBANK колдонмосунан тез тариздөөгө болот.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
Камсыздандыруу сапар учурунда каржылык коргоону камсыз кылат. Негизги камсыздандыруу камтуусуна адатта төмөнкүлөр кирет:
- Шашылыш медициналык жана стоматологиялык жардам;
- Медициналык эвакуация;
- Репатриация (мекенине кайтаруу).
Ошондой эле жүктү жоголуп кеткен же кечигип жеткен учурларда коргоону жана рейстин токтотулушуна же кечиктирилишине байланыштуу камсыздандырууну кошууга болот. Керектүү кошумча кызматтарды өзүңүз тандайсыз.
Камсыздандырууну онлайн кантип тез тариздөөгө болот?
MBANKта үч тариф жеткиликтүү: Стандарт, Голд жана Премиум. Алар камсыздандыруу камтуусунун суммасы жана камтылган тобокелдиктердин тизмеси менен айырмаланат. Тариздөө бир нече мүнөттү гана алат:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Камсыздандыруу» кызматын тандаңыз, андан соң «Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу» кызматын табыңыз;
- «Камсыздандырууну тариздөө» баскычын басып, шарттары менен таанышыңыз;
- Сапар тууралуу маалыматтарды көрсөтүңүз: сапардын түрү, өлкө, эс алуунун түрү ж.б.;
- Өзүңүзгө ылайыктуу коргоо түрүн тандаңыз (медициналык жардам, жүктү коргоо же рейстин кармалышы/токтотулушу);
- Жеке маалыматтарыңызды жазыңыз;
- Даяр! Камсыздандыруу полисиңиз таризделди.
Чет өлкөгө чыккандарды камсыздандыруу полиси — сапарга даярдыктын билет же мейманкананы брондоо сыяктуу эле маанилүү бөлүгү. Күтүлбөгөн чыгымдардан алдын ала коргонуңуз!
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















