Ош шаарында чек ара кызматынын жаңыланган комплекси ачылды
Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Ош мэриясынын маалыматына ылайык, 2024-аскер бөлүгүнүн аймагындагы аскер шаарчасынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланды. Штаб, казарма, ашкана, медициналык пункт, спорттук комплекстер, турак жайлар жана башка объектилер заманбап талаптарга ылайык оңдолду.
Мындан тышкары, Чүй облусундагы «Ойронду» жана Баткен облусундагы «Өрүк-Зар» чек ара заставалары онлайн форматта пайдаланууга берилди.
Аталган долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, чек ара коопсуздугун чыңдоого жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















