super.kg logo

Улуу Британия жасалма интеллектке көзөмөлдү күчөтөт

 

Улуу Британиянын бийлиги жасалма интеллект (ЖИ) технологияларына көзөмөлдү күчөтүп, коопсуздук талаптарын катаалдаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу өлкө өкмөтүнүн билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзам долбоору ЖИге байланыштуу жаңы коркунучтардан коргонууну күчөтүп, жасалма интеллект системаларындагы олуттуу мүчүлүштүктөр тууралуу отчёт берүүнү карайт.

Ошондой эле ЖИ моделдерин текшерүү тартиби катаалдаштырылат. Бул иштеп чыгуучулар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билдирген маалыматтардын канчалык чындыкка дал келерин аныктоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, ооруканалар жана коммуналдык кызматтар сыяктуу маанилүү тармактарды ЖИден келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтардан коргоо чаралары каралат.

Өкмөттүн ЖИ маселелери боюнча кенже министри Канишка Нараян коомчулукту жасалма интеллекттин ишиндеги мүчүлүштүктөрдүн же аны атайылап зыян келтирүү максатында колдонуунун кесепеттерине даярдоо программасы башталганын билдирген.

Ал ЖИ тармагындагы компанияларды окумуштуулардын эскертүүлөрүнө көңүл бурууга, моделдердин адаттан тыш жүрүм-турумун байкоого жана зарыл учурда аларды өчүрүүгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: