Кыргызстан кышкы спортту өнүктүрүүдө Австрия менен кызматташат
Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү жана тоо лыжа инфраструктурасын жакшыртуу маселелери австриялык адистер менен талкууланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, агенттиктин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу Австриянын «Snowsports Academy» кышкы спорт түрлөрү академиясынын делегациясы менен жолукту.
Жолугушууда кышкы спортту өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, спортчуларды жана тармактык адистерди даярдоо системасын өркүндөтүү маселелери каралды.
Австриялык тарап массалык спортту өнүктүрүү, жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоо жана спорттук билим берүүнү жакшыртуу багыттарында практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле жогорку окуу жайларына эксперттик жана методикалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кызматташуунун кийинки этабында австриялык адистер Ысык-Көл облусуна барып, спорттук инфраструктуранын абалы жана тоо лыжа туризминин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Сапардын жыйынтыгында артыкчылыктуу долбоорлорду аныктоо жана кышкы спортту өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу пландалууда.
Бул кызматташтык спорттук инфраструктураны жаңылоого, спортчуларды жана машыктыруучуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















