super.kg logo

Ош шаарынын экологиясын жакшыртуу боюнча жол картасы иштелип чыгат

 

Ош шаарында экологиялык абалды жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар талкууланды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин төрагалыгы алдында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Жашыл шаар» программасынын алкагында жумушчу топтун отуруму өттү.

Жыйында шаардын экологиялык абалына жүргүзүлгөн баштапкы баалоонун жыйынтыктары каралып, негизги көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Анда абанын сапатын жакшыртуу, жашыл аймактарды кеңейтүү, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системаларын жаңылоо маселелерине көңүл бурулду. Ошондой эле коомдук транспортту өнүктүрүү, таштандыларды натыйжалуу башкаруу жана суу ташкындарынын алдын алуу чаралары каралды.

Эрнис Толтоев «Жашыл шаар» иш-аракеттер планы конкреттүү иш-чараларды, каржылоо булактарын жана инвестициялык долбоорлорду камтыган практикалык жол картасы болушу керектигин белгиледи.

Учурда ЕРӨБ өкүлдөрү жана эксперттер менен биргеликте иш уланууда. Алдыда энергетика, имараттар, суу ресурстары жана транспорт багыттары боюнча кошумча талкуулар өткөрүлүп, тиешелүү сунуштар иштелип чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: