Президент өлкөдө электр жарыгы качан үзгүлтүксүз берилерин айтты (видео)
Өлкөдө 2,5 жылда электр жарыгы үзгүлтүксүз бериле баштайт. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрда президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы Баткен эли менен болгон жолугушууда эмне үчүн "туу чоку" учурунда электр энергиясынын өчүп калышынын себебин түшүндүрдү.
"Эртең менен жумушка кетерде чайнегин, үтүгүн, бардыгын саят, кечинде да ошондой. Ошол маалда биз Түркмөнстандан, Орусиядан, Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын алабыз. Ал өлкөлөрдүн өздөрүндө да ошол маалда тартыш болот. Бизге бере албай калат. Ошол маалда эмне кылабыз? "Жокко айла жок" дегендей, үнөмдөп туруп, айрым жерлерде электр жарыгын 1-2 саатка өчүрүүгө туура келет. "Час пик" бүткөндөн кийин электр энергиясын 100 пайыз кайра беребиз",- деди президент.
Жапаров 2,5 жылда электр энергиясына болгон тартыштык жоюларын кошумчалады.
Президент өлкөдө электр жарыгы качан үзгүлтүксүз берилерин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















