Бакуда мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салган эрежеге каршы нааразычылык акциясы өтүүдө (видео)
Азербайжандын Баку шаарында мектеп формасына киргизилген жаңы талаптарга каршы нааразычылык акцияларынан улам 37 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазышты.
Маалыматка ылайык, нааразы болгондор мектеп кызматкерлери менен жаңжалдашып, окуу жайлардын ишине жана унаа кыймылына тоскоолдук кылууга аракет кылышууда. Ошондой эле Гарадаг районунда мектептердин биринин директорунун унаасы өрттөлгөн. Ал эми Ясамал районунда мектепти өрттөөгө аракет жасалды. Аталган окуялар боюнча кылмыш иши козголду.
"Бул акциялар мектепке хиджаб кийип келүүгө тыюу салынгандан кийин башталды. 21-сентябрда Азербайжандын өкмөтү мектеп формасына байланыштуу жаңы эрежелерди бекитип, анда светтик мүнөзүнө каршы келген жана бирдиктүү мектеп формасынын талаптарын бузган кийимдерди кийүүгө тыюу салынды. 6-октябрдан тарта ушундай талаптар мугалимдерге да жайылтылды",- деп белгиленген маалыматта.
Өлкө бийлиги диний кийимдерге киргизилген чектөөнү окуучулардын тең укуктуулугун камсыз кылуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.
Азербайжан парламентинин депутаты Севиндж Фаталиеванын айтымында, бирдиктүү мектеп формасы балдардын ортосундагы социалдык жана диний айырмачылыктарды азайтууга багытталган. Анын белгилешинче, бул талаптарды кайсы бир динге каршы күрөш катары эмес, мектепте бардык окуучулар үчүн бирдей шарт түзүү аракети катары кароо керек.
Бакуда мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салган эрежеге каршы нааразылык акциясы өтүүдө
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















