super.kg logo
  Саясат  

Убагында УКМК тартып алган Кызыл-Кыядагы консерва заводу ээсине кайтарылат (видео)

 

Кызыл-Кыяда УКМК тартып алып, мэрияга өткөрүлгөн консерва заводу ээсине кайтарылат. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрда президент Садыр Жапаровдун Кадамжай районунун жана Кыязыл-Кыя шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Аталган жайдын ээси Бердигул мырза өлкө башчысына кайрылып, чет өлкөгө чыга турган азыктар өндүрүлбөй, ишкананын адистери тарап кеткенин билдирди. 50 жыл тынымсыз иштеп жаткан завод өткөн жылдын октябрь айынан бери токтоп турганын ачыктады.

Мамлекет башчысы иштеп жаткан эмес, мурда менчиктештирилип, бирок иштебей турган заводдорду кайтаруу керектигин эскертти.

"Биз мурда мыйзамсыз менчиктештирилип, арзан баага сатылып кеткен, бирок иштетилбей турган заводдорду мамлекетке кайтарып, инвестор таап иштетүү саясатын айтканбыз. Бирок “Бөрк ал десе, баш алган” замандай болуп кетиптир. Иштетип жаткан заводду тартып алган экен. Мэрияга берип коюп, иш токтоп калды. Күч түзүмдөрү отурасыңар. Иштеп жаткан өндүрүш болсо тийбегиле. Кайра башынан сылап, "иштет, 50-100 жумушчу орун бер" дешибиз керек да",- деди Садыр Жапаров.

Президент сөз аягында күч түзүмдөрүнө эскертүү берип, заводдун ишин уланта албаганы үчүн мэрияны сынга алды. Ошондой эле комиссия түзүп, заводду кайтарып берүү тапшырмасын берди.






Садыр Жапаров Кызыл-Кыядагы консерв заводун ээсине кайтарууну тапшырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: