Агартуу министри Бишкекке дагы 50-60 мектеп керек экенин айтты
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Бишкек шаарына дагы 50-60 мектеп куруу керектигин айтты.
Айтымында, бүгүнкү күндө калаада 120 миңге ылайыкталган билим берүү мекемелеринде 270 миң бала окуп жатат.
"Быйыл эле борборго 12 800 бала калаа сыртынан келишти. Дагы биз тез арада 50-60 мектеп салышыбыз керек",- деди министр.
Кендирбаева класста норматив боюнча 30-36 бала окушу керектигин эске алганда, шаарга дагы 50-60 мектеп куруу зарылдыгын белгиледи.
Агартуу министри Бишкекке дагы 50-60 мектеп керек экенин айтты
Агартуу министри Бишкекке дагы 50-60 мектеп керек экенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:49
2026-10-13
11:9
2026-10-13
10:24
2026-10-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















