super.kg logo

Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышы “Манас” аэропортунун аймагында өтөт

 

Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук жарышы 18-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында өтөт.

Маалыматка ылайык, жарыштын өтүүчү жайын өзгөртүү чечими шаардык кызматтар менен биргеликте транспорттук кырдаалды жана коопсуздук талаптарын эске алуу менен кабыл алынган.

Учурдагы шарттарда шаар көчөлөрүн алты саатка жабуу мүмкүн болбогондуктан, катышуучулардын жана шаар тургундарынын коопсуздугуна артыкчылык берилген.

Катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн таңкы саат 05:30дан тартып Рыcкулов көчөсүнөн “Манас” аэропортуна чейин жана кайра артка каттаган транспорт уюштурулат. Трансфер тууралуу кеңири маалымат Nomad Sport уюмунун расмий баракчаларында жарыяланат.

Жарыштын негизги максаты өзгөрүүсүз калат. Иш-чара спорт аркылуу адамдарды бириктирүүгө, ошондой эле ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Быйылкы жарышка 6 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө. Ага даярдык деңгээлине карабастан, каалоочулардын баары катыша алышат.

Жарыштын программасында төрт аралык каралган:

* 5 чакырым;
* 14 чакырым;
* 21,1 чакырым;
* 42,2 чакырым.

Иш-чара 2026-жылдын 18-октябрында “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында өтөт.

Байланыш: +996 555 502 975 PR-адис: Дадаханова Мумтозбегим (“Номад Спорт” OO).

Сайт: www.nomadsport.net

Электрондук почта: office@nomadsport.kg

Дареги: А. Масалиев көчөсү, 33/1.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: