Сауд Арабиясы 24 сааттын ичинде Йеменге 104 жолу сокку урду
Хуситтердин аскердик командачылыгынын басма сөз катчысы Яхья Сари шейшемби күнү Сауд Арабиясы 24 сааттын ичинде Йеменге 104 сокку урганын билдирди.
"Акыркы 24 сааттын ичинде Сауд Арабиясы борбор калаа Сана, ошондой эле Дамар, Таиз, Амран, Лахж, Мариб, Саада жана Ходейда провинцияларындагы жарандык инфраструктураларга 104 жолу абадан сокку урду. Чабуулдар Хамис- Мушайт жана Таиф аба базаларынан F-15 учактары, ошондой эле Нажрандан ракеталык соккулар менен жүргүзүлүп, жайкын тургундардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келди",- деп жазды ал соцтармакта.
Сари кошумчалагандай, бул чабуулдар менен Сауд Арабиясы тарабынан чыр-чатактын акыркы күчөшүнөн бери жасалган аба жана ракеталык соккулардын саны 2281ге жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:40
2026-10-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















