"Унааны өзүңүз айдайсызбы?" Депутаттын тыгын боюнча эки аткаминердин жообуна ичи чыкпады (видео)
Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Бишкектеги "чөнтөк" деп аталган унаа токтотуучу жайларды кайра ачууну сунуштады. Эл өкүлү муну тыгын маселесинин улам күчөп жатканы менен түшүндүрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков чөнтөк унаа токтотуучу жайлары тыгынды азайтуу үчүн жабылганын билдирди.
Мавлянова: "Тескерисинче болуп жатат. Элди угуп койгулачы. Сиздер шоопур менен жүрөсүздөр, а эл шоопур менен жүргөн жок да. Же унааны өзүңүз айдайсызбы?".
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев тыгынды жоюу боюнча концепция кабыл алынганын айтып, сөзүн уланта баштады. Бирок эл өкүлү анын сөзүн бөлүп, жыйынга мэрдин өзүн чакырууну сунуштады.
"Жооп бербей эле коюңуз, биз укканбыз. Сизди аябай көп уктук. Менин сунушум - мэрди чакырыңыз. Ошону аткарып коюңуз, рахмат",- деди Мавлянова.
"Унааны өзүңүз айдайсызбы?" Депутаттын тыгын боюнча эки аткаминердин жообуна ичи чыкпады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















