Орусиялык ырчы Диана Арбенина Бишкектеги концертте "Сен суперсиң! Кыргызстан" шоусунун катышуучусу Семетей Акынбеков менен бирге ыр ырдады
13-октябрда орусиялык жылдыз Диана Арбенинанын Бишкектеги концертинде ырчы "Сен суперсиң! Кыргызстан" шоусунун 10 жаштагы катышуучусу Семетей Акынбеков менен бирге "Секунду Назад" ырын ырдады.
Катышуучу ырчыга гүлдесте жана шоунун символу болгон оюнчук ак илбирсти белек кылды. Арбенина өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, ага: "Бишкек! Меймандостугуңуз жана шексиз улуу талантка айлана турган кичинекей, эр жүрөк Семетей үчүн рахмат!" деп жазган.
Видеодо Семетей ырчыга ыраазычылык билдирген: "Диана Арбенина, чоң рахмат, бул сонун ыр! Мен бул сахнада туруп, сиз менен бирге ырдап жатканыма абдан кубанычтамын. Чоң рахмат, Диана Арбенина, ал укмуш!"
Буга чейин таланттуу баланы орусиялык продюсер Максим Фадеев "Сен суперсиң! Кыргызстан" шоусунда байкаган. "Мындай балдар бизге чыныгы талант жана музыкага болгон сүйүү каалаган жерде, ал тургай алардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк аз болгон жерлерде да пайда болушу мүмкүн экенин эскертет. Семетей, бул аткаруу үчүн рахмат", - деп жазган Фадеев социалдык медиада.
Орусиялык ырчы Диана Арбенина Бишкектеги концертте "Сен суперсиң! Кыргызстан" шоусунун катышуучусу Семетей Акынбеков менен бирге ыр ырдады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















