"Бетине эле айтмакмын". Депутат транспорт министрине спикерди чалдыртканын айтты (видео)
Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов транспорт министринин ишмердүүлүгүн "начар" деп баалады.
"Министр жок экен, бетине эле айтмакмын. Нарында көптөгөн жолдор жасалбай калып кетти. Төрага (ред.: Марлен Маматалиев) өзүңүз билесиз, сизди министрге чалдырткам. Ошондо сизге да, мага да сөз берген. Бирок жол дагы деле баштала элек. Нарын шаарынын жолунун 50 пайызы бүтө элек. Качан бүтөт?",- деди эл өкүлү.
Транспорт министринин орун басары Бактылуу Момбеков жол быйыл жасалып бүтөрүн айтты.
"Бетине эле айтмакмын". Депутат транспорт министрине спикерди чалдырканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:39
2026-10-14
11:26
2026-10-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















