Ошто жарандарды алдап, качып жүргөн шектүү кармалды
Ош шаарында жарандарды алдап, изин жашырып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы 14-октябрда маалымат таратты.Жабырлануучунун айтымында, шектүү Chevrolet Epica үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, акчасын 2026-жылдын 15-августуна чейин толук төлөп берүүнү убадалап, аны аткарган эмес. Кийинчерээк ал унааны башка жаранга арзан сатып, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Д. М. Баткендин аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган жаран ушул сыяктуу бир нече алдамчылыкка шектелип жатат.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2026-10-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















