Чүйдө унаасына мыйзамсыз курал салып жүргөн жаран аныкталды (видео)
Чүй облусунун Москва районунда унаада уруксат берүүчү документтери жок пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз олжолонгон кыргоол, балыктар табылды. Бул факты боюнча аталган жаранга 10 миң сом айып пул салынды.
Министрлик мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын маалымдайт.
Чүйдө унаасына мыйзамсыз курал салып жүргөн жаран аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















