Тармактык комитет “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашууну Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады
Бүгүн, 4-февралда ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган жаңы макулдашуу талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул жолку сүйлөшүүдө түзүлө турган биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштей турганын айтты. Директорлор кеңеши ачык түзүлүп, Кыргызстанга каржылык, экологиялык иш-аракеттерге көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин билдиришинче, кыргыз тарап үлүштү 67 пайыз кылуу үчүн соттошууга барса, 3-5 миллиард доллар компенсация төлөп калышы мүмкүн.
Жыйынтыгында “Кумтөр” боюнча макулдашууну Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу сунушталды. Маселе эртең, 5-февралда каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















