super.kg logo
  Саясат  

Кара-Көл шаары: Менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча өкмөткө тапшырма берилди

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде бүгүн, 4-февралда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутатынын кайрылуусу каралды. Кайрылууда Кара-Көл шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын элге кызмат кылбай жатканы айтылат.

Алёнушка бала бакчасында спирт ичимдиктерин чыгарган ишкана жайгашса, Колокольчик бала бакчасын 1990-жылы шаардын мэри жеке менчигине өткөрүп алган”,- дейт шаардык кеңештин депутаты Бакытбек Кыргызалиев.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү айрым иштер боюнча эскирүү мөөнөтү аяктап, айрым иштер сотто каралып жатканын айтышты.

Жыйынтыгында өкмөткө Кара-Көл шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды мамлекетке кайтарып алуу, ага күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: