Кыргызстан менен Өзбекстан маркетинг тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө: кесиптик ассоциациялар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Кыргыз маркетинг ассоциациясы (КМА) Ташкент шаарында өткөн TAF!26 эл аралык жарнама фестивалына катышты. КМАнын төрайымы Айдай Мокушева эл аралык конференцияда баяндама жасады, сапардын маанилүү жыйынтыктарынын бири – Өзбекстандын Маркетинг ассоциациясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлушу болду.
2026-жылдын 10-октябрында Ташкент шаарында VIII TAF!26 Эл аралык жарнама фестивалы болуп өттү. Бул иш-чара Борбор Азиядагы бизнес, маркетинг, жарнама жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн бириктирген кесиптик аянтча болуп саналат.
Конференциянын алкагында өткөн Impact Session секциясында Кыргыз маркетинг ассоциациясынын төрайымы Айдай Мокушева “Ар түрдүү рыноктор. Бирдиктүү индустрия. Жаңы Борбор Азия” деген темада баяндама жасады.
Баяндамада Борбор Азиядагы маркетинг рынокторунун өзгөчөлүктөрү, жергиликтүү тажрыйбанын мааниси жана аймактагы күчтүү кесиптик коомчулукту калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.
Өзгөчө көңүл өзүнө гана таандык керектөөчүлүк, маданий жана тилдик өзгөчөлүктөрү бар өз алдынча рынок катары Кыргызстанга бурулду. Айдай Мокушева эл аралык бренддерди жергиликтүү рынокко натыйжалуу ылайыкташтыруу жарнамалык билдирүүлөрдү жөн гана өзгөртүү менен чектелбестигин белгиледи. Бул үчүн керектөөчүлөрдү, алардын муктаждыктарын жана күтүүлөрүн терең түшүнүү зарыл.
Телекоммуникация, курулуш жана каржы тармактарындагы кесиптик тажрыйбасына таянып, спикер заманбап бизнесте маркетингдин ролу өзгөрүп жатканын да белгиледи. Бүгүнкү күндө маркетинг продуктту таанытуучу курал эле болбостон, аны иштеп чыгууга, кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууга жана узак мөөнөттүү ишенимди калыптандырууга катышкан стратегиялык функцияга айланды.
“Биздин рынокторубузду баарын бирдей кылуунун кереги жок. Биз өз тармагыбызды күчтүү кылышыбыз керек”,- деп сөзүн жыйынтыктады Айдай Мокушева.
Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу
Иш сапардын маанилүү жыйынтыктарынын бири – Кыргызстандын Маркетинг ассоциациясы менен Өзбекстандын Маркетинг ассоциациясынын ортосунда эки өлкөнүн адистеринин кесиптик кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган меморандумга кол коюлушу болду.
Меморандум төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү камтыйт:
- кесиптик билим, тажрыйба жана эксперттер менен алмашуу;
- маркетинг рыногу боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- билим берүү демилгелерин жана кесиптик стандарттарды өнүктүрүү;
- адистерди жана тармактык экспертизаны аймактык деңгээлде алдыга жылдыруу;
- маалыматтык өнөктөштүк;
- эл аралык фестивалдарга, сынактарга, сыйлыктарга жана биргелешкен тармактык долбоорлорго катышуу.
Бул кызматташтык кесиптик жактан өнүгүүгө жана аймактагы байланыштарын кеңейтүүгө кызыкдар кыргызстандык маркетологдор, жарнама агенттиктери жана бизнес өкүлдөрү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Кыргыз маркетинг ассоциациясынын делегациясы
TAF!26 иш-чарасына КМАнын делегациясынын курамында төмөнкүлөр катышты:
- Айдай Мокушева — Кыргыз маркетинг ассоциациясынын төрайымы;
- Бермет Жеңишбекова —ассоциациянын Координациялык кеңешинин мүчөсү;
- Эльнура Джолдошева — ассоциациянын Координациялык кеңешинин мүчөсү;
- Рузали Шимарова — ассоциациянын Координациялык кеңешинин мүчөсү;
- Оксана Абраменко — ассоциациянын директорунун орун басары.
Делегациянын катышуусу кесиптик тажрыйба алмашууга, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө, ошондой эле Өзбекстандагы жана башка өлкөлөрдөгү кесиптештер менен мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Меморандумга кол коюу КМАнын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана Кыргызстандын Борбор Азиядагы маркетинг тармагындагы ордун бекемдөө багытындагы кезектеги кадам болду.
Кыргыз маркетинг ассоциациясы мындан ары да кесипкөй адистердин башын бириктирүү, тармактык компетенцияларды өнүктүрүү жана кыргызстандык адистер үчүн эл аралык деңгээлде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча ишин улантат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















