super.kg logo

“Батукаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн өлтүрдү” деп шектелип К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 20 жаштагы мүчөсү кармалды

 

“Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн өлтүрдү” деп шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 20 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 2-февраль күнү саат 13:15 чамасында №4-шаардык ооруканага сол бутунан жаракат алган Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну С.Сапарды кимдир бирөө алып келген. Бирок жабыркаган жаран 3-февралда саат 02:15 чамасында алган жаракатынан улам каза болгон.

Суракка алынган маркумдун досу С.Жанардын айтымында, 2-февраль күнү Сапар экөө №47-жаза аткаруу мекемесине Ильич аттуу жазасын өтөп жаткан таанышына тамак киргизүү үчүн барышкан. Аны менен жолугушууну күтүп отурушкан учурда Сапар акча алып келүү үчүн сыртка чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Кийин анын ооруканада жатканы белгилүү болгон.  

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, 2-февраль күнү №47-жаза аткаруу мекемесине жазасын өтөп жаткан байкесине жолугуу үчүн барган. Алдынан Сапар чыгып калып, экөө уруша кетишкен. Ошол учурда кылмышка шектүү маркумду буту менен чалып, жерге жыккан. Сапардын колунда бычак болгондуктан бутуна сайылып, жаракат алган. Мындан улам кылмышка шектүү жабырлануучуну ооруканага алып барып, бирок жоопкерчиликтен корккондуктан ал жерден качып кеткен.  

Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
04.02.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирин олуп,бирин кал.
04.02.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга карганын козун чукубайт дечу беле?
04.02.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип жаш балдар ушундайларга кошулуп калышат.
04.02.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми турмодо чирийсин.
04.02.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chingizhan01,
кээ бироолорго турмо жакшы жашоо экен
04.02.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пешенесине ошол жазылган екен
04.02.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх акча учун эмне кана болот
04.02.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге мынча кызыгышат чорный мирге кирип алып чыгалбай жургондор канча.
04.02.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бири олуп бири калсын,балдарыбыз чонойгуча кырылып,черный деген тушунук жоголсо кана.
04.02.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутуна бычак сайылса эле каза болбостур?
04.02.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara_kulzha, венасын кесип кеткендир да....тизеге ок жегендер деле ооруга чыдабай каза болуп калышы мүмкүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: