Рэпер Navai баңгизатты Бишкектен сатып алганын айтты
Баңгизат менен кармалган рэпер Navai сурак учурунда аны Бишкектен сатып алганын айтты. Бул тууралуу Орус басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, ырчы 14-октябрда Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жатканда “Кордай” чек ара бекетинен кармалган. Казакстандын полициясы текшерүү учурунда ырчы бара жаткан унаадан баңгизат табылганын билдирген.
Артист кармалган учурда Mercedes үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан. Буга байланыштуу ал баңгизаттын таасири астында унаа башкарган деп шектелүүдө. Эгер бул факт тастыкталса, ал 7 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 15 суткага камалышы мүмкүн.
Ошондой эле полиция баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сактоо фактысы боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Эгер рэпер бул ишке катыштыгы бар адам катары таанылса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы же 21 миллион 625 миң теңгеге чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, Navai 12-октябрда Бишкекте концерт берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















