Кайгуул кызматкерлери жүрөгү кармаган жарандын өмүрүн сактап калышты (видео)
Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жүрөгү кармаган жаранды ооруканага жеткирип, анын өмүрүн сактап калууга жардам беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кызматкерлер мектеп окуучуларынын жыйынына катышуу үчүн барган учурда болду. Анда жарандардын биринин ден соолугу күтүүсүздөн начарлап, жүрөгү кармаган. Кызматкерлер дароо жардамга келип, жаранды кызматтык унаа менен Бишкектеги №1 ооруканага жеткиришти.
Натыйжада ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү.
Кайгуул милициясынын кызматкерлери жүрөгү кармаган жарандын өмүрүн сактап калышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:16
2026-10-15
15:54
2026-10-15
15:46
2026-10-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















