super.kg logo

Мадуро сотто өзүнө коюлган жаңы айыптоолорду жалган деп атады

 

Венесуэланын экс-президенти Николас Мадуро Нью-Йорктогу сотто кыйноолорду колдонуу максатында бүтүмгө баруу боюнча өзүнө коюлган жаңы айыптоолорду жалган деп атады. Анын жубайы Силия Флорес да өзүн толугу менен күнөөсүз деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бейшемби күнү сотто Мадуро менен Флореске жаңы айыптоолор угузулган. Жубайлар күнөөнү моюнуна алышкан эмес.

“Бул жалган айыптоолор”, - деген Мадуро сот отурумунда.

Ал эми жубайы Силия Флорес өзүнүн толугу менен күнөөсүз экенин билдирген.

Эске салсак, быйыл 3-январда АКШнын аскерлери Венесуэланын президентин кармап, аны жубайы менен бирге Америкага алып барган. Мадурого баңгизат терроризми жана кокаин аткезчилиги боюнча айыптар коюлууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: