Президенттик шайлоо: Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев "Кыргызтесттен" өтпөй калышты
Жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев экөө президенттикке талапкерлигин коюу максатында тапшырган кыргыз тили боюнча сынактан өтпөй калышканын айтты.
"Экөөбүз үч сааттай "Кыргызтестте" болдук. Сынак жазуу, окуу деген сыяктуу төрт тармакка бөлүнөт экен. Компьютерден эки тармак боюнча тапшырып өттүк. Угуу жана жазуудан комиссия өткөрбөй койду. 5-6 киши экөөбүздү өткөргөн жок.
Демократиялуу шайлоо болот дегенге көзүм жетпейт. Президент "желек колуңарда" деп айткан. Ошол желекти көтөрүп бара жатып, биринчи эле тосмодон чалынып жыгылдым. Жыгылтып коюшту",- деди ал соцтармактагы баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда.
Буга чейин Жапыкеев да, Суваналиев да президенттик шайлоого аттанышарын билдиришкен.
Президенттик шайлоо: Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев "Кыргызтесттен" өтпөй калышты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















