super.kg logo

"Титаниктин" саундтрегин аткарган Селин Дион Барби куурчагына айланды

 

14-октябрда Mattel компаниясы канадалык ырчы Селин Диондун образы түшүрүлгөн Барби куурчагын сатууга чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, куурчак ырчынын 1998-жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде кийген белгилүү көк көйнөкчөн образы менен жасалган. Куурчактагы көк мончок 1997-жылы тартылган "Титаник" тасмасындагы "Океандын жүрөгү" аттуу жасалгага шилтеме берет. Ырчы өзүнүн образы менен куурчактын чыгарылышын карьерасындагы маанилүү учурлардын бирине арналган сыймык катары баалаган. Анын айтымында, куурчак адамдарды өзүнө ишенүүгө, кыялдарына умтулууга жана өз үнүн эркин билдирүүгө шыктандырат.

Белгилей кетсек, Селин Диондун "Титаник" тасмасынын саундтреги болгон My Heart Will Go On ыры анын эң белгилүү чыгармаларынын бири болуп саналат. Ырчы 2022-жылы сейрек кездешүүчү неврологиялык ооруга чалдыкканын билдирип, ден соолугуна байланыштуу концерттерин токтоткон. Ал эми 2026-жылдын сентябрында Парижде 6 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан сахнага чыгып, күйөрмандарына ыр тартуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: