Садыр Жапаров Арменияда лидерлердин саммитине катышууда
Бүгүн, 16-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагындагы лидерлер саммитинин ишине катышууда.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышкан. Саммитке бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.
Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча "Еревандын аракет чакырыгы" аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















