super.kg logo

Стамбулдагы суу ташкыны үч адамдын өмүрүн алып, беш киши дайынсыз болууда

 

Стамбулда катуу жааган жамгырдан улам шаарда сел жүрдү. Мындай табигый кырсык Стамбулда 84 жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрилиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчинин билдирүүсүнү боюнча, 15-октябрда шаарда 2 миң 700 адам эвакуацияланган. Ошондой аба каттамы дагы үзгүлтүккө учурап, Стамбулга учуп келе жаткан учактар башка аэродромдорго багытталган.

Нөшөрлөгөн жаандан улам 1200дөн ашык турак үй жана ишканаларды, ошондой эле эки оорукананын имаратын суу каптаган. Айрым аймактарда башталгыч мектептин тирөөч дубалы урап түшкөн. Мындан сырткары, үч адам каза болуп, дагы бешөө дайынсыз болууда.

Синоптиктердин айтуусу боюнча, Стамбулда жана айрым аймактарда жамгырдын жаашы уланышы мүмкүн болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: