АКШда мектепте атылган ок төрт адамдын өмүрүн алды
АКШнын Орегон штатындагы Бенд шаарындагы башталгыч мектебинде 16 жаштагы өспүрүм ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришип, окуядан 5, 8 жана 11 жаштагы үч бала, ошондой эле мугалим каза болгонун жазышууда.
Кошумчалангандай, дагы бир жети жаштагы бала жана 54 жаштагы мугалим жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилди.
"Кол салган өспүрүмдү жергиликтүү тургун атып өлтүргөн. Орегон штатынын губернатору Тина Котек ага ыраазычылык билдирип, анын кийлигишүүсү дагы көп адамдын өмүрүн сактап калууга жардам бергенин белгиледи. Азырынча өспүрүмдүн кол салууга эмне себептен барганы белгисиз. Укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүүдө", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:49
2026-10-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















