Башкы прокуратура бир нече кыргызстандыктын ишмердүүлүгүн "экстремисттик" деп жарыялады
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк менен Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчисинин орун басары Сыргак Кенжебаевдин ишмердүүлүгү "террористтик же экстремисттик" деп таанылып, алардын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынды.
Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда Башкы прокуратуранын сайтында экстремисттик деп таанылган уюмдардын тизмесинде жарыяланды.
Тизмеде аталган адамдардан тышкары журналист Болот Темиров, Ринат Тухватшин, Кушбек Самат жана Айдарбек Раев да бар. Мындан тушкары "Шумкар" медиадолбоорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп таанылды.
Эскерте кетсек, 13-октябрда ИИМ Сыргак Кенжебаевди чет өлкөдөн кармап келгенин билдирип, кийин ал эки айга камакка алынган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















