Өлкөнүн жаратылышынан эргүү алган Максим Фадеевдин "Кыргызстан" аттуу ыры жарык көрдү
16-октябрда белгилүү композитор Максим Фадеев "Кыргызстан" аттуу ыр чыгарды. Чыгарманы "Номад" триосу жана орусиялык ырчы Илья Булыгин аткарып чыкты.
Композитор бул ырды Кыргызстандын кооз жаратылышынан, элинин жылуу мамилесинен жана мекенге болгон сүйүүсүнөн эргүү алып жаратканын билдирди.
"Бул ыр – Кыргызстанга жана анын элине арналган чын жүрөктөн чыккан чыгармам. Аны төрт таланттуу артист аткарды. Алардын үчөө үчүн Кыргызстан туулган жер, ал эми төртүнчүсүн бул өлкө өз уулундай кабыл алды. Кыргызстан – суктанарлык өлкө. Бул ырда өзгөчө эркиндик сезими бар. Ал тоолордон, абадан, жаратылыштын кеңдигинен байкалат. Ошол эле учурда анда адамдардын чексиз жылуулугу, өз тегине болгон урмат-сыйы жана туулган жерге болгон терең сүйүүсү чагылдырылды", - деп жазды композитор.
Өлкөнүн жаратылышынан эргүү алган Максим Фадеевдин "Кыргызстан" аттуу ыры жарык көрдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















