"Билеттер сатылып бүттү". Кубатов Шакиранын концерти тууралуу билдирүү жасады (видео)
Бүгүн, 18-октябрда Шакиранын Бишкектеги концертине билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Туризм агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.
"Урматтуу кыргыз элим, Шакира келди. Шакиранын эл аралык тобу да келди. Бирок бизди абдан эле катуу сындадыңар: “Келбейт, Шакира болбойт экен. Концерт өтпөйт, эл чогулбайт” деп. Эми азыр толук айтып берейин. Билеттер сатылып бүттү. Биздин “Бишкек Арена” толуп, Шакираны күтүп жатышат. Майрам бүгүн болот. Буйруса, бул чоң иш-чара улуттук экономикага, туризмге өзүнүн салымын кошот. Иш-чара, туризм башка деңгээлге чыгып жатат. Буйруса, бүт баары жакшы болот, элим. Билеттерди алган жарандарга жакшы маанайда отуруп, көңүл менен кабыл алгыла. Элибиз чоң иш-чарага күбө болот. Кыргызстаным, алга!" - деди Кубатов.
"Билеттер сатылып бүттү". Кубатов Шакиранын концерти тууралуу билдирүү жасады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















