Bishkek Snow Leopard Run 2026 марафонуна 28 өлкөдөн 6 миң адам катышты
Бүгүн, 18-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык кайрымдуулук марафону өттү. Жетинчи жолу уюштурулган иш-чарага рекорддук көрсөткүчтөгү 6 миң адам катышып, алардын 1500ү 28 өлкөнүн өкүлдөрү болду.
Марафондун негизги максаты – ак илбирсти сактоо, анын жашоо чөйрөсүн коргоо жана Кыргызстанда чуркоо маданиятын өнүктүрүү.
Катышуучулар 5, 14, 21,1 чакырымдык жарым марафон жана 42,2 чакырымдык марафон аралыктарында күч сынашты.
Спорттук жетишкендиктер жана жаңы рекорддор
Быйыл жаңыланган чуркоо жолу катышуучуларга жеке рекорддорун жаңыртууга мүмкүнчүлүк түздү. Бишкектеги чуркоо жарыштарынын тарыхында биринчи жолу 42,2 чакырымдык марафондук аралык уюштурулду.
Жарыштын эң улуу катышуучусу 14 чакырымдык аралыкка чуркаган 80 жаштагы адам болсо, эң жаш катышуучусу 5 чакырымдык аралыкка катышкан 14 жаштагы жөө күлүк болду.
42,2 чакырымдык марафондо эркектер арасындагы мыкты жыйынтык 2 саат 32 мүнөттү, ал эми аялдар арасындагы мыкты көрсөткүч 3 саат 28 мүнөт 37 секундду түздү. Бул аралыкты жалпысынан 278 катышуучу ийгиликтүү аяктады.
Ал эми 5 чакырымдык жарыш улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.
Кайрымдуулук демилгелери
Марафонго катышуу үчүн төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү салттуу түрдө ак илбирстин популяциясын сактоого, анын экосистемасын коргоого жана Бишкектеги спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат.
Иш-чаранын алкагында буга чейин бир катар кайрымдуулук долбоорлору ишке ашырылган:
* 2019-жыл: Ак илбирсти байкоо үчүн 32 фотокапкан сатып алынган.
* 2021-жыл: Тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда иштөө үчүн Нива үлгүсүндөгү жол тандабас алынган.
* 2022-жыл: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап воркаут аянтчасы курулган.
* 2023-жыл: Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка 40тан ашык техника өткөрүлүп берилген.
* 2024-жыл: Кыргызстандын 90дон ашык мамлекеттик инспекторуна жыл бою колдонууга ылайыктуу кийим-кече алынган.
* 2025-жыл: Илимий-изилдөө иштерине керектүү үч дүрбү сатып алынган.
* 2026-жыл: Мамлекеттик инспекторлор үчүн талаа шартында колдонулуучу жабдуулар – ээр, чатыр жана уктоочу баштык сатып алуу пландалууда.
Эл аралык TAN чуркоо сериясы
Bishkek Snow Leopard Run түрк дүйнөсүндөгү ири марафондорду бириктирген TAN эл аралык чуркоо сериясына кирет. Ага Баку, Бишкек, Алматы, Түркстан жана Самарканд шаарларындагы жарыштар кирет.
Катышуучулар беш марафонго каалаган кезегинде жана убакыт боюнча чектөөсүз катыша алышат. Серияны толук аяктоо үчүн аталган беш жарыштын ар биринде 42,195 чакырымдык марафондук аралыкты ийгиликтүү бүтүрүү керек. Бул жетишкендик үчүн катышуучуларга TAN сериясынын атайын медалы тапшырылат.
Nomad Sport компаниясы уюштурган Bishkek Snow Leopard Run жарышында 16 катышуучу түрк дүйнөсүнүн TAN чуркоо сериясын толук аяктады. Ошондой эле 278 адам 42,2 чакырымдык аралыкты багындырып, TAN элиталык сериясынын катышуучулары болушту.
Иш-чаранын уюштурулушу
Марафондун ийгиликтүү өтүшү Nomad Sport командасынын, Nomad Volunteers ыктыярчыларынын, өнөктөштөрдүн жана шаардык кызматтардын биргелешкен ишинин натыйжасында мүмкүн болду.
Уюштуруучулар марафонго катышып, анын кайрымдуулук миссиясын колдогон ар бир адамга ыраазычылык билдирип, чуркоо маданиятын өнүктүрүүгө жана ак илбирсти сактоого кошкон салымын белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















