Дайырбек Орунбеков Шакираны эмне үчүн гүлсүз тосуп алышканын түшүндүрдү (видео)
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков дүйнөлүк жылдыз Шакираны аба майдандан гүлсүз тосуп алышканына түшүндүрмө берди.
"Анын сапары биздин туризмге оң таасир берет. Аны көрүп турган, өзүнүн эле инстаграм баракчасындагы 103 миллион катталуучусу биздин өлкө тууралуу маалымат алышат. Арасында кызыгып келгендер болот. Мына ушундай иш чаралар аркылуу Кыргызстанды таанытат.
Ал эми “эмнеге гүл берген жоксуң?” деген суроолорго, алардын протоколу боюнча Шакира гүл албайт экен. Кадыр барктуу коноктор, таанымал адамдар бизге дагы да көп келе берсин, туристтик потенциалыбыз жогоруласын!" - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Айта кетсек, кечээ, 18-октябрда Шакираны аэропорттон тосуп алуу үчүн Орунбеков барган. Интернет колдонуучулары анын гүлсүз барышканын сынга алышкан.
Дайырбек Орунбеков Шакираны эмне үчүн гүлсүз тосуп алышканын түшүндүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2026-10-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















