Кошуналарына тынчтык бербей... Сыймык Жапыкеев кармалды (видео)
Жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев ызы-чуу чыгарууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда, түнкү саат 02:11лер чамасында милицияга Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирден арыздануу түшкөн. Ал кошунасы ызы-чуу салып, кыйкырып, тургундардын тынчтыгын бузуп жатканын билдирген.
Милиция кызматкерлери барганда Жапыкеев катуу мас абалында болгон жана аларга баш ийбей, сөккөнгө чейин барган. Деген менен ал милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Кошуналарына тынчтык бербей... Сыймык Жапыкеев кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:17
2026-10-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















