"Кыргызтестке" бармакмын". Сыймык Жапыкеев кармалгандан кийин билдирүү жасады (видео)
Соцтармактарда Сыймык Жапыкеевдин милиция кызматкерлери тарабынан кармалганын айтып чыккан видеосу тарады.
Анда жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы жетекчисинин милиция бөлүмүндө сегиз сааттан бери кармалып турганын айтканын угууга болот.
"Эч ким түшүнүк албайт. Мен бүгүн "Кыргызтестке" барышым керек эле. Эмнеге алып келдиңер десем, эч ким билбейт. "Министр ойгонсун, анан чечет" дейт. Бутума эч нерсе кийгизбей алып келишти. Мен президенттикке талапкерлигимди коём. "Желек колуңарда" деген. Мен экинчи жолу желекке чалынып калдым",- деди Жапыкеев.
Бишкек шаардык милициясы бул боюнча маалымат таратып, ал кошунасынын даттануусу менен кармалганын билдирди.
"Кыргызтестке" бармакмын". Сыймык Жапыкеев себепсиз кармалганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















