Өзбекстандагы Жаркутан эстелигинен коло дооруна таандык уникалдуу табылгалар табылды
Өзбекстандын Сухандарья облусундагы Жаркутан археологиялык жайында жүргүзүлгөн казуу иштеринде окумуштуулар манилүү тарыхый эстеликтерди табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, изилдөө иштери 2026-жылдын октябрь айынын башында Самарканд археологиялык институтунун улуттук илимий кызматкери Комил Рахимовдун жетекчилиги астында башталып, ага Термез мамлекеттик университетинин студенттери жана Италиянын Саленто университетинин аспиранттары катышып жатканы белгилүү болгон.
Изилдөө учурунда кыштан салынган турак үйлөр, калдыктар жана диаметри 70 сантиметрге жеткен очок, төрт бүтүн керамика идиш жана Саппалин маданиятына таандык идиштер табылган.
Бул табылгалар мындан бир нече миң жыл мурунку адамдардын үй куруу ыкмаларын, жашоо тиричилигин жана сөөк коюу салттарын тереңирээк түшүнүүгө жол ачат. Учурда адистер бул курулуштар менен буюмдарды башка археологиялык материалдар менен салыштырып изилдөөнү пландап жатышканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















