super.kg logo

Шакиранын концертине билет алган казакстандык блогер чек арадан өтө албай калды (видео)

 

Кечээ, 18-октябрда Бишкек шаарында Шакиранын концерти болуп өттү. Бул концертке 22 өлкөдөн көрүүчүлөр келишкен.

Ошондой эле концертке барууну пландаган казакстандык блогер Гани Ажикенов чек арадан өтө албай калганын билдирди.

Анын айтымында, ал Шакиранын концертине 200 миң теңгеге билет сатып алган. Бирок Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында паспортун үйүндө унутуп кеткенин айткан.

Өз сөзүндө ал: "Менин артымда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы турат, а мен болсо жөн гана жылмайып коюшум керек. Шакиранын концертине кирбей калдым. Астанадан Алматыга 62 миң теңгеге учуп келип, Алматыдан Бишкекке машина менен жолго чыккам. Жолдон концертке 200 миң теңгеге билет сатып алгам. Ал эми чек арага келгенде гана паспортумду унутуп калганымды билдим",- деп айткан.






Шакиранын концертине билет алган казакстандык блогер чек арадан өтө албай калган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: