Дэвид Бекхэм ФИФАнын президенти болушу мүмкүн
Англиянын мурдагы футболчусу Дэвид Бекхэм Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Бекхэмдин талапкерлигин Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА), Түндүк жана Борбордук Америка, ошондой эле Кариб бассейни өлкөлөрүнүн футбол конфедерациялары (КОНКАКАФ) жана Германиянын футбол союзу колдоп жатат.
Буга чейин ФИФАнын учурдагы президенти Жанни Инфантино Дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугунун бир бөлүгүн сатуу маселеси боюнча уюмдун кеңешинин мүчөлөрүнөн кечирим сураган. Бирок ал бул маселе боюнча кеңири түшүндүрмө берген эмес.
Инфантино европалык футбол жетекчилерине суроолорун жазуу жүзүндө жөнөтүүнү сунуштаган. "Ал суроолорго жооп бериши керек. Эгер жооп бербесе, анда ФИФАнын президенти болууга татыктуу эмес",- деген уюмдун вице-президенти Дебби Хьюитт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















