super.kg logo
  Спорт  

Дэвид Бекхэм ФИФАнын президенти болушу мүмкүн

 

Англиянын мурдагы футболчусу Дэвид Бекхэм Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Маалыматтарга караганда, Бекхэмдин талапкерлигин Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА), Түндүк жана Борбордук Америка, ошондой эле Кариб бассейни өлкөлөрүнүн футбол конфедерациялары (КОНКАКАФ) жана Германиянын футбол союзу колдоп жатат.

Буга чейин ФИФАнын учурдагы президенти Жанни Инфантино Дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугунун бир бөлүгүн сатуу маселеси боюнча уюмдун кеңешинин мүчөлөрүнөн кечирим сураган. Бирок ал бул маселе боюнча кеңири түшүндүрмө берген эмес.Инфантино европалык футбол жетекчилерине суроолорун жазуу жүзүндө жөнөтүүнү сунуштаган. "Ал суроолорго жооп бериши керек. Эгер жооп бербесе, анда ФИФАнын президенти болууга татыктуу эмес",- деген уюмдун вице-президенти Дебби Хьюитт.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: