Кыргызстан дүйнөлүк туристтик рейтингде Италия менен Японияны артта калтырды
Кыргызстан эл аралык Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн Solo Adventure Travel 2026 рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын рейтингде биринчи орунга чыгышына өлкөдөгү саясий туруктуулук, коопсуздуктун бекемделиши, инфраструктуранын өнүгүшү жана өлкөнүн дүйнөгө ачык болуу саясаты таасир эткен.
Ошондой эле, ал мурда Кыргызстан эл аралык коомчулукта саясий толкундоолор, жакырчылык менен көбүрөөк байланыштуу болсо, азыр Кыргызстан кооз жаратылышы, меймандостугу, саякат үчүн ыңгайлуу шарттары менен таанылып жатканын кошумчалады.
"Бул жөн гана туристтик рейтинг эмес. Бул Кыргызстандын эл аралык имиджи бекемделип жаткандыгынын дагы бир жакшы белгиси",- деп белгиледи ал.
Solo Adventure Travel 2026 рейтингинин алдыңкы 10 өлкөсү:
1. Кыргызстан;
2. Италия;
3. Япония;
4. Португалия;
5. Өзбекстан;
6. Реюньон аралы (Франция);
7. Испания;
8. Норвегия;
9. Танзания;
10. Непал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















