Кемпир-Абадда башы кесилген абалда табылган кишинин өздүгү тактала элек
Ош облустук милициясы Кемпир-Абад суу сактагычынан башы кесилген абалда табылган эркек кишинин өздүгүн аныктоо үчүн жарандардан жардам сурап кайрылды.
Маалыматта сөөк эки айдан ашык убак мурун эле, тагыраагы, 7-августта суу сактагычтын жээгинен табылганы айтылат. Күбөлөрү суралып, бир катар экспертизалар дайындалган. Бирок экспертизалардын жыйынтыктары толук даяр боло элек.
Маркумдун болжолдуу бою 160–165 сантиметр. Ал табылган учурда кара түстөгү спорттук жемпир, жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым жана бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийим менен болгон.
Андыктан милиция маркумдун өздүгү боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, жарандарды кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: +996 222 224 222, +996 776 612 525, +996 779 215 653 +996 772 214 224, же 102 кыска номуру.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-10-19
16:01
2026-10-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















