super.kg logo

Сел каналын курган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

 

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналын курууда мыйзам бузуулар аныкталып, подряддык уюмга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жок экени, ошондой эле курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганы аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу подряддык уюмга акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилген. Ошондой эле курулуш иштерин убактылуу токтотуу, объектти бекитилген долбоорго ылайык келтирүү жана зарыл документтерди толук камсыз кылуу талаптары коюлган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, курулуш иштерин жүргүзгөн «Мелио Строй» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: