Бишкекте 17 жаштагы бала BMW унаасы менен өспүрүмдү сүзүп кетти (видео)
Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм жол кырсыгынан жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык мындан төрт күн мурун, тагыраагы, 16-октябрь күнү борбор калаанын Троицкая көчөсүндө болгон. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын 17 жаштагы айдоочусу токтоп турган Hovo жүк ташуучу унаасын, андан соң жөө жүргүнчүнү жана Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. 16 жаштагы өспүрүмдүн буту сынып, баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган.
Кайгуул кызматы 17 жаштагы баланын айдоочулук күбөлүгү жок экенин кошумчалады.
Бишкекте өспүрүм айдаган BMW жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:24
2026-10-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















