Ашхабадда президенттердин кыздары жана Түркмөнстандын лидеринин эжеси жолукту
Бүгүн, 20-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Азербайжан жана Өзбекстан президенттеринин кыздары Лейла Алиева, Саида Мирзиёева, ошондой эле Түркмөнстан лидеринин эжеси Огулжахан Атабаева жолугушту.
Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, алар Ашхабадда өтө турган "Эне-жаратылыш" эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн маанисин талкуулашкан. Сүйлөшүүдө биргелешкен экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жана балдарга кам көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Белглей кетсек, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин кызы Гайдар Алиев атындагы фонддун вице-президенти, ошондой эле коомдук ишмер, IDEA экологиялык уюмунун негиздөөчүсү жана "Баку" журналынын башкы редактору. Ал эми Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин кызы президенттик админстарциясынын жетекчиси.
Түркмөнстандын президентинин эжеси Огулжахан Атабаева Гурбангулы Бердымухамедов атындагы муктаж балдарга жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуулук фондунун дарылоо иштери боюнча вице-президенти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















