Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды (видео)
Кечээ, 20-октябрда Бишкек шаарындагы Шералиев көчөсүндө 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, каршы тилкедеги Honda Civic үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кагылышуунун кесепетинен Honda Civic унаасы Nissan Bluebird үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, андан соң токтоп турган Mazda 3 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
Жол кырсыгынан 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылды. Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.
Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:24
2026-10-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















