Кыргыз театрынын кылымдык мааракеси белгиленет
Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына карата 26-30-октябрь күндөрү XIV республикалык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, фестивалга Кыргызстандын 10 театры катышып, өз спектаклдерин тартуулайт.
Ошондой эле Бишкектеги сейил бактарда театралдык жүрүштөр, балдар үчүн спектаклдер жана актёрлорго мастер-класстар уюштурулат. Фестиваль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:48
2026-10-22
13:14
2026-10-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















