Кара-Сууда аркандалган малдарды уурдоого шектүү кармалды (видео)
Кара-Суу районунда мал уурдоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Датка айыл аймагынын жашоочулары үлүш жерлерине аркандап койгон малдарды уурдаган деп шектелүүдө. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү эки айга камакка алынды. Тергөөдө анын ондон ашык мал уурдагыны аныкталган. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.
Кара-Сууда аркандалган малдарды уурдоого шектүү кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:24
2026-10-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















