Индонезияда 460 адам бараткан кемеден өрт чыкты (видео)
Кечээ, 20-октябрда Индонезияда 460 адам бараткан жүргүнчү ташуучу кемеден өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, KMP Batumandi кемеси Бакаухениден Мерак портуна бара жаткан. Өрт кеме портко жакындап калган учурда чыкты. Кемеден коюу кара түтүн көтөрүлүп, окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлгөн.
Кемедеги 420 жүргүнчү жана 40 экипаж мүчөсү толугу менен эвакуацияланып, кырсыктан каза болгондор жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Индонезияда 460 адам бараткан кемеден өрт чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















