super.kg logo

Кыргызстанга телекоммуникациялык жабдыктарды алып келүүдө аткезчилик фактысы аныкталды

 

Кыргызстанга телекоммуникациялык жабдыктарды алып келүүдө аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 5-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, чет элдик жаранга тиешелүү “Глобал Азия Телеком” ишканасы өлкөгө бажы көзөмөлүсүз жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксаты жок телекоммуникациялык жабдыктарды мыйзамсыз колдонгон. Натыйжада мамлекет 4 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында жогорудагы ишканадан аткезчилик жол менен келген жабдыктар табылып, мүлк камакка алынган.

Ал эми ишкананын ээси Б.С.В. аттуу чет элдик жаран 28-январь күнү кармалып, №1-СИЗОго киргизилген.  Анын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө”, “аткезчилик” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: